( ^ _ ^ )

ЭМУнун Сапат менеджменти системасы

Эл аралык медициналык университети – бул инновациялык жана илимий-изилдөөчү билим берүүчү, эл аралык статуска ээ жана билим берүү институттарынын жана программаларды акредитациялоо боюнча "САПАТТУУ БИЛИМ" көз карандысыз аккредитациялоодон өткөн жана өлкөбүздүн бардык булуң-бурчуна, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө адистерди даярдоону жүргүзгөн окуу-жай.
Университеттин деңгээлинде билим берүүнүн сапаты биринчи кезекте илимдин, практиканын окуу процессинин тыгыз байланышы, ошондой эле каада-салттардын муундан-муунга берилүүсү менен камсыз кылынат. ЭМУнун билим сапатынын башкаруу түзүмү төмөндөгүдөй түзүлгөн: ректор, жетекчилик сапаты боюнча, окуу-тарбия иштери боюнча – проректору, билим берүү сапатын контролдоо бөлүмү, аккредитация жана стратегиялык өнүктүрүү, унверситеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, кафедраларда, учурунда көмөкчү кызматтар камсыздоочу окуу процессинин сапатын текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр. Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө, аккредитациялоо жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө төмөнкү милдеттер жүктөлгөн:

  • ЭМУнун сапат менеджментинин системасынын иштөөсүнө талдоо жүргүзүүнү уюштуруу жана жүргүзүү;
  • ЭМУнун бөлүмдөрүндө жана кафедраларында сапат менеджменти системасына карата талаптардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • Ички аудит иш-чараларын жүзөгө ашыруу, билим берүү процессинин сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
  • Башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн, алардын жыйынтыктарын квалификациялуу пайдаланууну камсыз кылуу;
  • Илимий кеңеш үчүн сапатты контролдоо жана мониторинг боюнча материалдарды даярдоо;;
  • Маалыматтык жана программалык камсыздоо, электрондук документ жүргүзүү, иштеп чыгууну жана активдүү абалда кармап туруу;
  • Сапат менеджменти жана сертификациялоо, мониторинг маселелери менен алектенген уюмдар жана ишкер менен байланыштарды түзүү;
  • Өнүгүү стратегиясын тышкы өнөктөштөр жана бөлүмдөр менен макулдашуу;
  • Маалыматтык жана консультациялык колдоо көрсөтүү жана жаңы кайра түзүүлөргө окутуу маселелери боюнча өнүктүрүү стратегиясы боюнча кеңешмелерди өткөрүү.
    Сапат менеджменти системасынын иштөөсүнүн төмөнкү багыттары ишке ашырылды:
  • Сапат жаатындагы башкаруу саясаты түзүлгөн жана ишке ашырылууда, ошондой эле, университеттик сайттагы "Жаңылыктар"бөлүмү аркылуу ар бир кызматкерге жеткирилет;
  • ЖОЖдордун сапат критерийлеринин негизинде башкаруу системасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча план иштелип чыккан жана бекитилген;
  • Ректордун буйругу менен сапаттуу менеджмент жаатында жооптуулар жана алардын ыйгарым укуктары аныкталган;
  • Университеттин кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн сактоо максатында сапат боюнча координациялык кеңеш түзүлдү жана анын иш планы бекитилди

Сапат боюнча координациялык кеңештин иш-аракеттери университеттин бардык бөлүмдөрүнүн менеджмент системасын жана билим берүү жана илимий ишмердүүлүк чөйрөсүндө иштин сапатын такай жакшыртууга багытталган. "Сапат тармагында ЭМУ саясатында"көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү үчүн стратегиялык жана тактикалык иш-чаралар иштелип чыкты.


Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: