( ^ _ ^ )

Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмү


Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмү

Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмдүн ишинин негизги багыттары:

  1. Окуу-методикалык иштер маселелери боюнча ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн пландаштыруу жана координациялоо.
  2. Бардык деңгээлдерде университетти уюштуруу-усулдук жактан камсыз кылуу жана билим берүү процессин көзөмөлдөө.
  3. ЖОЖдо билим берүү ишмердүүлүгүнүн мониторингин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо.

Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналып, кафедранын талаптарына ылайык, контролдоо, пландоо, уюштуруу, координациялоо, эсепке алуу иштерин жүргүзөт. Окуу-методикалык жана инспекциялык бөлүм окуу-тарбия иштери боюнча проректорго баш ийет. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмү Билим берүү жана илим Министрлигинин, саламаттык сактоо Министрлигинин, университеттин уставы, ректордун буйруктарынын жана тескемелеринин негизинде башкарылат. Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмүнүн күч-аракеттери окуу планын жана программаларды оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун арттырууга, шарттарды камсыз кылууга, студенттерге дем берүүгө, жаштардын жеке жөндөмдөрүн бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Окуу-усулдук жана инспекциялык бөлүмү деканат менен бирдикте бюджетти сарамжалдуу пайдалануу, окуу убактысын кыскартуу же сабактарды жеңилдетүү , студенттердин тандоосу боюнча кошумча курстарды уюштуруу сыяктуу максаттуу иштерди жүргүзөт. Сабактардын, экзамендик сессиялардын, мамлекеттик экзамендердин, өндүрүштүк практикалардын жадыбалы заманбап психологиянын жана педагогиканын талаптарын эсепке алуу менен түзүлөт. Компетенттик форматта жаңы муундун стандарттарын киргизүү окуу процессин уюштуруунун инновациялык формаларын болжойт. Окуу жылында окуу процессин пландаштыруунун комплекстүү моделин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.Мындай долбоордун системалуу түрдө ишке ашырылуусу "Окуу пландары", "Окуу дисциплиналарынын программасынын ", "Студенттердин контингенти", "Кадрлар", "Профессордук-окутуучулук курамы", "Аудитордук фонду", "Окуу расписаниеси" жана "Китеп менен камсыздоо" сыяктуу окутуу процессин камсыздоо жана пландоодогу чектелген-эсептөө тармагын өз ара байланышкан базаны бириктирет деп болжойт.

Окуу бөлүмү өзүнүн практикалык ишмердигинде төмөндөгү негизги маселелерди чечет::

  • окуу жайында окуу процессин уюштуруу боюнча жоболорду жана буйруктарды иштеп чыгуу;
  • кафедралар жана факультеттер тарабынан иштелип чыккан окуу пландарын экспертизалоо жана макулдашуу;
  • окуу жүгүн пландаштыруу боюнча жумушчу окуу пландарын иштеп чыгуу;
  • өз алдынча жана контролдук өз алдынча ишин эске алуу менен студенттердин жумалык эмгек ченемдерин аткарылышын көзөмөлдөө;
  • сабактардын методикалык камсыздалышын талдоо;
  • кафедралардын окуу жүктөмдөрүн пландаштыруу жана эсептөө, профессордук-окутуучу курамдын жана окутуучу-жардамчы кызматкерлердин кафедралык Штаттардын муктаждыктарын эсептөө;
  • кафедраларда окутуу жүктөмүн бөлүштүрүү жана аткарууну контролдоо;
  • сааттык ишти эсепке алуу
  • университеттеги окуу процессинин графигин иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  • студенттерди учурдагы аттестациялоонун натыйжаларын, экзамендик сессиялардын жыйынтыктарын, мамлекеттик аттестациялык комиссиялардын төрагаларынын (МАК)отчетторун талдоо;
  • окуу расписаниелерин (Семестрдик, сессиялар, лекциялык жума, зачеттук жума, дипломдук долбоорлорду коргоо ж. б.) түзүү;
  • студенттердин практикалык окутуунун анализи;
  • кафедраларда жана факультеттерде окуу-методикалык жана пландык документтерди системалуу түрдө талдоо жана контролдоо.

Матиева Чынара Карыбековна

Должность: Начальник Учебно-методического и инспекционного отдела (УМИО)

Почта:Chmatieva@mail.ru

Телефон: +(996) 990 000 201

Адрес: ул. Анкара1/17

Тилекматова Айжан Турсунбековна

Должность: Главный специалист Учебно-методического и инспекционного отдела (УМИО)

Почта:aizhanatilekmatova@gmail.com

Телефон: + (996) 990 000 201

Адрес: ул. Анкара1/17

Джапаркулова Аида Кубанычбековна

Должность: Ведущий специалист Учебно-методического и инспекционного отдела (УМИО)

Почта: aizhanatilekmatova@gmail.com

Телефон: + (996) 990 000 201

Адрес: ул. Анкара1/17

Биздин көмөктөштөр
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: