( ^ _ ^ )

Материалдык-техникалык база

Эл аралык медициналык университет заманбап талаптарга ылайык курулуп, 2016-жылы колдонууга берилген. ЭМУ жетиштүү окуу аянтчасы менен камсыздалган. Университеттин окуу аянтчасы 33075 кв. м аймакты түзөт, андан сырткары, спорт аянтчасы жана ашкана бар. Билим берүү процесси ЭМУнун башкы корпусунда жүргүзүлөт, ошондой эле, заманбап бардык жабдуулар менен жабдылган 1 университеттик клиникасы бар.

Эл аралык медициналык университетинде 3 факультет, 7 кафедра, 16 лекция залы, 178 мультимедиялык камсыздалган окуу аудитория, персоналдык жаңы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыздалган 2 компьютер классы бар. Сабактар кабинеттик система менен өтүлөт, аудиториялар менен камсыз болуу көрсөткүчү 100% түзөт. Аудиториялар окуу эмеректери жана керектүү бардык жабдуулар менен жабдылган. Аудиториялар эстетикалык түрдө жасалгаланган, стенддер, таблица, ж.б бар. Эл аралык медициналык университеттин студенттери жыл сайын университеттин “Авиценна Медикал” клиникасынан медициналык көзөмөлдөн өтүшөт.

Эл аралык медициналык университетинде жалпы аянты 432кв.м түзгөн окуу залы иштейт. Студенттер китептерди, окуу-усулдук материалдарды эркин колдоно алышат. Мындан сырткары, университетте электрондук китепкана да түзүлгөн. Бардык китептер, окуу-усулдук материалдар электрондук форматка өткөрүлгөн. Студенттердин электрондук китепканага дүйнөнүн каалаган бурчунан, каалаган убакытта кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар


Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: