( ^ _ ^ )

АКАДЕМИЯЛЫК АЛМАШУУ

Окуу программасы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен Кыргызстандын ичиндеги университеттер менен илимий долбоорлорго, семинарларга, конференцияларга, конок лекция курстары жана студенттер арасында ар кандай олимпиадаларды жана конкурстарды өткөрүү, келишимдердин алкагында иш алып барат. Академиялык мобилдүүлүк профессордук-окутуучулук курамдын жана окуучулардын кызыкчылыгында гана аткарылат.

Студенттердин мобилдүүлүккө катышуусу үчүн коюлган талаптар бар, бул жогорку окуу жетишкендик жана тилдерди билүү. Улуту, жынысы, дини боюнча басмырлоо саясаты жок.

Студенттер арасында академиялык алмашуу учурунда, билим берүү процессиндеги ченемдерди сактоо КР Билим берүү жана илим министирлигинин буйруктарына жана студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү тууралуу жобого негизделет. Региондук жана эл аралык маанидеги ЖОЖдор менен бир катар келишимдер түзүлгөн.

Окуу программасы мобилдүү жана документацияларды макулдашуу жана жүргүзүү планында окутуучу-проффесордук курамды жана студенттерди колдоосун жүргүзөт. Жетекчилик окуу программасына мониторинг жүргүзөт жана окуп жаткандардын академиялык мобилдүүлүгү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзөт, кат-чакырууларды алууну уюштурат. Мобилдүүлүктү каржылоо чакыруучу жогорку окуу жайдын эсебинен да, ЭМУнун каражаттарынын эсебинен да болушу мүмкүн. Окутуучулук курам үчүн айрым учурларда командировкалык жана суткалык чыгымдар төлөнүп берилиши мүмкүн.

Академиялык мобилдүүлүк жол-жобосу ар кандай деңгээлде текшерилип турат, кафедра башчысынан баштап. ЖОЖдун жетекчилиги менен аяктайт.