( ^ _ ^ )

ЭМУнун тез жардам бөлүмү кызматта

Кыргызстанда биринчи жолу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин колдоосу менен "Келечек" кичи футбол боюнча жаштар турнири өткөрүлдү. Турнирге 25 жаштан 35 жашка чейинки жаш мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, маданият кызматкерлери, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, журналисттер жана башкалар катышты.

Оюндар "Газпром — детям" балдар ден соолугун чыңдоо борборунда өткөрүлдү.

"Келечек" кичи футбол боюнча жаштар турнирин өткөрүүнүн негизги максаты-сергек жашоо образын жайылтуу.

Турнирди расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов ачты.

Турнир 35 жашка чейинки ар кандай кесиптеги жаштарды: мамлекеттик кызматкерлерди, депутаттарды, дарыгерлерди, мугалимдерди, журналисттерди, блоггерлерди чогултту.

Эл Аралык Медицина Университетинин алдындагы "Авицена Медикал" клиникасынын тез жардам бөлүмү мелдештин жүрүшүндө катышуучуларга жеринен тез жардам көрсөтүү максатында нөөмөттө турушту.

Тез жардам бөлүмүндө практикадан өткөн бүтүрүүчүлөр дагы иш-чарада медициналык жардам көрсөтүштү, бул студенттерге чыныгы шарттарда кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, жаңы компетенцияларга ээ болууга, алган билимдерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн толуктоого мүмкүндүк берди.

Турнирдин соңунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ЭМУга өлкөбүздүн сергек жашоо образын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык диплом тапшырды!


  • News Img
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: