ЭМУнун студенттери медициналык көзөмөлдөн өтүүдө
Эл аралык медициналык университети өзүнүн студенттеринин ден соолугуна кам көрүүдө. Тактап айтканда, бүгүн 18-декабрда бардык студенттер университеттин карамагындагы "Авиценна-Медикал" клиникасында жалпы медициналык көзөмөлдөн өтүшөт. Университеттин "Авиценна-Медикал" клиникасынын дарыгерлери саат 8ден баштап, студенттердин ден соолугун текшерүүдө. Эгер медициналык көзөмөл учурунда оору аныкталса, оорулууларды каттоого алышат жана дарыгердин көзөмөлүндө болот.