( ^ _ ^ )

Эмуда жождор аралык олимпиада өттү

Бүгүн, 11-декабрда эл аралык медицина университетинде химия, физика, микробиология, медбиология предметтери боюнча жождор аралык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадада Эл аралык мдицина университетинен, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, Кыргыз-орус славян университетинен жана медициналык-фармакологиялык колледжден келген 4 команда ат салышууда. Иш-чара ЭМУнун окуу иштери боюгча проректору Син Елисей Елисеевичтин ачылыш сөзү менен башталды.

Олимпиада орус жана англис тилинде 2 этапта өткөрүлдү. Биринчи этапта берилген 40 мүнөт ичинде катышуучулар тест түрүндө берилген суроолорго жооп берип, теориялык билимин далилдеди. Ал эми экинчи этапта болсо, практикалык иш. Химиялык реакциялар менен байланышкан тапшырма берилет. Жалпысынан катышуучулардын саны 60ка жакын студентти түздү. Бекитилген олимпиаданын программасына ылайык, принциптер сакталып, эрежеге ылайык өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, олимпиаданы табигый илимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы уюштурган.


  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: