( ^ _ ^ )

Клиникалык ооруканалардын жетекчилери менен өткөрүлгөн тегерек стол

ЗКТ: ЭМУда “Саламаттык сактоо түзүмдөрүнүн заманбап дарыгердин билим берүү программасынын миссиясын, максатын жана милдетин түзүүгө катышуусу “деген аталышта тегерек үстөл өттү. Тегерек үстөлгө шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү катышты. Иш-чара келген конокторду университетибиздин жеке “Авицена-Медикал” клиникасындагы түзүлгөн шарттарды тааныштыруу менен башталды. Экскурсия уюштурулуп, клиниканын ишмердүүлүгү, кандай жабдыктар менен жабдылган, кандай ооруларды кабыла аларын, тез жардам унаалары, лаборатория, жандандыруу бөлүмү, бейтаптарга кандай шарттар каралган жана кандай кадрлар эмгектенери тууралуу жалпы маалымат берилди. Ошондой эле экскурсияда учурунда анатомиялык музей, “Пирогов” үстөлү, виварий көрсөтүлдү. Коноктор китепкананын шарттары менен да таанышышты. Тегерек үстөлдө медициналык мекемелердин жетекчилери ар бири өзүнүн ой-пикири менен бөлүшүштү. Келечекте чогуу иштешүү тууралуу талкуу жүрдү. Коноктор университетибизде студенттер үчүн заманбап шартттар каралганын, келечеги алдыда экенин белгилеп командага ийгилик каалашты.


  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: