( ^ _ ^ )

СТУДЕНТТЕР ТАЖРЫЙБАЛУУ ФАРМАЦЕВТТЕР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Эл аралык медициналык университетте 7 облустан келген Кыргызстанда биринчи болуп жогорку билим алган фармацевттер студенттер менен жолукту. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолорго жооп алып, баарлашышты. Ошондой эле, окуу-жайдын ичинде экскурсия уюштурулуп, университеттин окуу шарттары көрсөтүлдү. Студенттер теориялык билим менен чектелбестен, аймактан келген тажрыйбалуу адистерден, фармацевтика рыногундагы өзгөруүлөр, кандай перспективалар, кандай багыттар бар экендиги тууралуу кеңири маалымат алды.