Синдхилердин маданият күндөрү
14-декабрда Эл аралык медицина университетинде Синдхи провинциясынын(Пакистан) маданият күндөрү өткөрүлдү. Салт боюнча ЭМУнун ректору Майканаев Болот Бекташевичтин ачылыш сөзү менен башталды. Студенттер өзүнүн мекенинин каада-салттарын, маданиятын көрсөткөнгө аракет кылышты. Бул майрамда синдхилер өздөрүнүн улуттук маданиятынын кооздугун, көп кырдуу жана бай мазмунун көрсөткөнгө аракет кылат. Ушул күнү Синд провинциясында жашаган жарандары маданий мурасынын маанилүүлүгүн белгилешет. Мекенинен алыс болгонуна карабастан ЭМУнун студенттери өздөрүнүн ата-тегин унутпайт.