Сиздерди 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!
Урматтуу, кыргызстандыктар!
Сиздерди Эл Аралык Медициналык Университетибиздин жалпы жамаатынын атынан 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, «Элибиздин өзөгү – эне тилибизде». Кыргыз тили – байыркы жана бай тил. Заманды, он сегиз миң ааламды, жакшы менен жаманды, жаратылышты, аккан сууну, дүйнөнү түгөл айткан төкмөлүк өнөрдү, улуу эпосубуз, баа жеткис руханий байлыгыбыз Манас эпосу баштаган дастандарыбызды, таамай айтылган макалдарды, учкул сөздөрдү жараткан эне тилибизди кастарлап, кадырына жете билишибиз зарыл. Белгилүү Алман филологу Якоб Гримм: “Биздин тилибиз- бул биздин тарыхыбыз да”, - деп жазгандай биздин улуттук тилибиз биздин тарыхыбыз. Эне тилин жоготкон эл улутун, мамлекетин жоготот. Андыктан эне тилибизди өнүктүрүү ар бир кыргызстандык атуулдун ыйык милдети.
Улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна терең ишеничтебиз.Тилибиз кылымдарга жашасын! Мамлекеттик тил күнүбүз кут болсун!
- ГРАФИК РАБОТЫ
- ПН - ПТ: 9:00 - 17:00
- Субота: 9:00 - 15:00
- Воскресенье выходной
©2016- ММУ (IMU) Все права защищены