"Окуу жайдагы сапат менеджменти системасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу" семинары
Эл аралык медицина университетинде эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өтүү үчүн даярдыктын негизинде "Окуу жайдагы сапат менеджмент системасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу " семинары өткөрүлдү. Семинарды билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агентствосунун башкы директору - Бактыбек Исмаилов өттү.
Окутуу интерактивдүү түрдө болуп, тренер жана катышуучулар: Сапат менеджменти системасынын аныктамасы, стандарттары, өнүгүү тарыхы, түзүлүш принциптери жана кемчиликтерге байланышкан суроолорду карап чыгышты. Тренер окуу жайдын миссиясын кантип түзүү керек экендигин түшүндүрүп, бир нече мисал келтирди. Ал эми катышуучулар группаларга бөлүнүп, окуу жайдын миссиясын аныктап, презентация жасашты. Презентациянын негизинде катышуучулар тренер менен биргеликте каталардын үстүндө иштешти.