Окумуштуулар кеңешинин жыйыны
20-декабрда Эл аралык медициналык университеттин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
Жогорку окуу жайдан кийинки "Коомдук саламаттык сактоо жана медицина" даярдоо багыты боюнча кесиптик программаны(базалык докторантураны(PHD) бекитүү. Базалык докторантураны (PhD) даярдоо багыты боюнча "Коомдук саламаттык сактоо жана медицина" мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун программасын бекитүү. "Коомдук саламаттык сактоо жана медицина"багыты боюнча базалык докторантуранын (PhD) дисциплиналарынын программаларын бекитүү.
Мындан тышкары, университеттин кадр саясаты боюнча, кышкы экзамен сессиясына даярдыктар, модулдук-рейтингдик система жана башка көп нерселер талкууланды. "Дарылоо иши" факультетинин окуу планына өзгөртүү киргизүү жана студенттердин окуу үчүн акы төлөмдөрүнө жеңилдик берүү тапшырмасы коюлду.