( ^ _ ^ )

«Кыргыз тил илимининин кайраткерлери»

Бүгүн, 20- май Эл аралык Медициналык Университетинде белгилүү кыргыз тил илиминин кайраткери, тилчи-окумуштуу, профессор Намазбек Бейшекеевдин 90 жылдыгына арналган «Кыргыз тил илимининин кайраткерлери» аттуу илимий-тарыхый республикалык туруктуу конференцияларынын I конференциясы болуп өттү.

Конференцияда улуттук тил комиссиясынын бөлүм башчысы Альфира Супатаева,Улуттук Университетинен профессору Гүлжамал Жаманкулова, филология илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинен профессору Толгонай Садыкова, филология илимдеринин кандидаты, доцент, Тил жана Адабият институтунун кыргыз тили бөлүм башчысы Динара Исраилова, ошондой эле, Намазбек Бейшекеевдин үй-бүлөсү жана Апал Бейшекеева жубайы дагы катышышты.

Жалпысынан 40 ашуун катышуучулар келишти. Арасында Эл Аралык Медициналык Университенин ректору Болот Майканаев, профессор Елисей Син жана башкалар болушту. Конференцияда кыргыз тилинин өнүгүүсүнун жаңы жолдору, көйгөйлөрү талкууланды.


  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: