ЖАҢЫЛЫКТАР ЭМУ
Билимдүү адам — башкы байлыгыбыз!
Урматтуу, Эл аралык Медициналык университетинин мугалимдери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктаймын!
Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет.
Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы.
Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы улам барган сайын жогорулоодо.
Кыргызстандын мугалимдер корпусу татыктуу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатат.
Сиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалаймын!
Эл аралык Медициналык университеттин ректору — Е. Е. Син