( ^ _ ^ )

60тан ашык окуучулар ЭМУга келишти

“Билим Бишкек KG” мектебинин окуучуларына ЭМУда экскурсия уюштурулду

Бүгүн, 2-февралда “Билим Бишкек KG” мектебинин окуучулары Эл аралык медицина университети менен таанышуу үчүн экскурссияга келди. Жалпы 5-11 класстын окуучулары биригип 60 окуучу келди. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар үчүн таанышуу экскурсиясы уюштурулуп, балдарга виварий, анатомиялык музей, кафедралар, китепкана, лабараториялар көрсөтүлүп, эл аралык медицина университетинин окуу, илимий, ишмердүүлүгү менен тааныштырылды.

“Билим Бишкек KG” мектеби химия жана биология сабактарын тереңдетип окуткан, кыргыз тилиндеги мектеп болуп саналат. Азыркы учурда окуучулардын саны 100 жакын. Мектеп окуучуларынын арасында медициналык профилде багыт алган окуучулар болгондуктан, эл аралык медицина университеттине саякатка алып келдик. Жалпысынан бүгүн экскурсияга 60 бала келди.” –дейт мектеп директору Адила Керималиева.


  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
  • News Img
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: