( ^ _ ^ )
ЭМУга тапшыруу үчүн талап кылынган документтер
- ММУнун ректорунун атына жазылган арыз;
- ЖРТ сертификатынын түп нускасы;
- Орто билим жөнүндө документ;
- 2 сүрөт (4x6 см), 4 сүрөт (3x4 см);
- Аскердик билет же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
- Паспорттун же жеке күбөлүктүн көчүрмөсү;
- 086-У медициналык күбөлүк (башка мамлекеттердин жарандары үчүн);
- Жашаган жеринен маалымкат (башка мамлекеттердин жарандары үчүн);
Кошумча документтер(ата-энесинин кайтыш болгондугу тууралуу күбөлүгү, медико-социалдык серептөөнүн бүтүмү, ж.б.) абитуренттер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген жеңилдиктерге талапкер болсо сунушталышы мүмкүн.
Бардык документтер жеке берилет!
ЭМУнун кабыл алуу комиссиясына атайылап жалган документтерди тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.