( ^ _ ^ )

Кабыл алуу эрежелери

Урматтуу Абитуриенттер!

Сиздин алдыңызда оор тапшырма турат - жашоо пландарыңызды жана кыялдарыңызды ишке ашырууга жардам бере турган, сиз үчүн жаңы келечектерди ачкан билим берүү мекемесин тандоо. Бул максатка жетүү үчүн, "Эл аралык Медицина Университети" биринчи кезекте жаштардын энергиясына жана дымагына таянат. Сиздин энергияңыз, берилгендигиңиз, чыгармачыл потенциалыңызды өркүндөтүү жана ишке ашыруу каалоосу бизде эч жерде болбогондой эле суроо-талапка ээ болот. Азыртадан эле, ММУда ар бир студент өзүнүн чыгармачыл жана спорттук демилгелерин өркүндөтүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле эң кайраттуу медициналык долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтө турган шарт түзүлдү. Заманбап медицина, стоматология жана фармация жаатында билим алууну каалагандар үчүн ММУнун эшиги ар дайым ачык. Окутуунун инновациялык технологияларын колдонуп, лидерликке жөндөмдүү, командада иштей алган, кесиптик чөйрөгө ыңгайлашкан, атаандаштык шартында иш алып барган жана жеңишке жеткен медициналык адистерди даярдайт. Студенттерге медициналык биофизика, химия, биология жана адамдын анатомиясы лабораторияларында иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Сиз, жаңы муундун өкүлдөрү, өлкөнүн медициналык келечеги кандай болорун чечишиңиз керек. Азырынча сиз үчүн бардыгы жаңы гана башталууда, ушул башталыш ийгиликтүү болсун!

Андан ары билим алуу мүмкүнчүлүктөрү (программаны аяктагандан кийин) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген адистиктери боюнча ординатурага тапшыруу үчүн сынакка катышуу; магистратурага тапшыруу үчүн; PhD докторантура программасына тапшыруу үчүн; аспирантурага кируу учун; профили боюнча ишке орноштуруу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген жобосуна ылайык.

Презентация
Короткое видео про ММУ | ЭМУ жөнүндө кыскача видео


Биздин көмөктөштөр
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: