( ^ _ ^ )

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ


БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

  1. Медициналык иштин базалык көндүмдөрүн жүзөгө ашырууга ээ болгон, уюштуруу-башкаруучулук, билим берүү жана илимий-изилдөө жөндөмүнө, эл аралык билим берүү процессинде тиешелүү талаптарга кепилдик берген квалификациялуу адистерди даярдоо.
  2. Калкка негизделген дарылоо-профилактикалык жана медициналык-социалдык жөндөмдөрдү компетенттүү мамиленин негизинде эң алгачкы кесиптик жөндөмдү пайда кылуу үчүн фундаменталдык билим менен камсыз кылуу.
  3. Социалдык жана кесиптик мобилдүүлүктүн эл аралык эмгек рыногунда дипломдон кийинки окууга даярдыкты камсыздоо, кесиптик ишмердүүлүктө эл аралык илимий-билим берүүчүлүк мейкиндигиндеги интеграция:
  4. Жалпы адамзаттык жана маданий-адеп-ахлактык баалуулуктарын түзүү, кесиптик жана жарандык жоопкерчилик, коомдо талап кылынып жаткан сынчыл ой-жүгүртүү жөндөмү, өз алдынча өнүгүү, өз алдынча билим алуу.

БП КЫСКАЧА СҮРӨТТӨЛҮШҮ

Билим берүү программасынын логикалык түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпы жоболор, кесиптик ишмердүүлүктүн, даярдоо багыттарынын жалпы мүнөздөмөсү, компетенциялар, жалпы билим берүү программасынын ишке ашыруунун шарттарына коюлган талаптар, окуу пландары, сабактардын, практикалардын аннотациясы, практиканын бардык түрлөрүнүн, ИГА, компетенция картасы:

ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

  • РО1- кесиптик ишинде гуманитардык, табигый-илимий, экономикалык дисциплиналардын базалык билимин пайдаланууга жөндөмдүү;
  • РО2 - академиялык жана кесиптик өз ара аракеттенүү үчүн заманбап коммуникациялык технологияларды, анын ичинде чет тилинде колдонууга жөндөмдүү;
  • РО3 - коомдун кабыл алынган моралдык-укуктук ченемдеринин негизинде жеке ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын жана аны өркүндөтүү ыкмаларын аныктоого жана ишке ашырууга жөндөмдүү;
  • РО4 - медициналык-техникалык аппаратураны, маалыматтык-коммуникациялык ресурстарды жана технологияларды пайдалануу менен стандарттуу маселелерди маалыматтык жана техникалык коопсуздуктун негизги талаптарын эске алуу менен чечүүгө жөндөмдүү;
  • РО5- кесиптик милдеттерди чечүү үчүн морфофункционологиялык, физиологиялык шарттарды жана патологиялык процесстерди баалоого жөндөмдүү;
  • РО6- алдын алуу иш-аракеттери жаатында кесиптик маселелерди чечүү үчүн базалык билимди колдоно алат;
  • РО7- кесиптик милдеттерди чечүү үчүн диагностика жаатында базалык билимди колдоно алат;
  • РО8- кесиптик милдеттерин чечүү үчүн дарылоо иши жаатында базалык билимди колдоно алат;
  • РО9- кесиптик милдеттерин чечүү үчүн реабилитациялык иш жаатында базалык билим колдоно алат;
  • РО10 - саламаттык сактоо системасында менеджменттин көндүмдөрүнө ээ болот, эсепке алуу-отчеттук документтерди жүргүзөт, статистикалык маалыматтарды анализдейт;
  • РО11- кесиптик милдеттерди чечүү үчүн илимий-изилдөө иши жаатында базалык билим колдоно алат.

ЭМУ тарабынан бекитилген миссиянын негизинде жана стратегиялык максаттардын негизинде Билим берүү кеңешинин отурумунда БП миссиясы (максаттары жана милдеттери) бекитилген.

БП миссиясы өзгөрүп, университеттин жана факультеттин ишмердүүлүгү жана өнүгүүсү, коомдун муктаждыктарына ылайык жаңыланды. Алсак, "Сапаттуу билим" (2019), тышкы эксперттик комиссиянын сунуштарына ылайык жүргүзүлүп жаткан реформаларга, билим берүү системасында жана саламаттык сактоо талкуудан кийин өкүлдөрү менен академиялык коомчулуктун декабрь айында 2020-жылдын отурумунда УСФ (прот. 3 саны 24.12.20) ЖП миссиясынын такталган жазылышы кабыл алынган жана "Сапаттуу билим" сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.

БП МИССИЯСЫ

Эмгек рыногунда талап кылынган, эл аралык илимий-билим берүү мейкиндигине интеграция аркылуу инсандын, коомдун жана мамлекеттин керектөөлөрүн багытталган жогорку квалификациялуу атаандаштыкка жөндөмдүү дарыгерлерди даярдоо.

ЭМУнун миссиясына жана билим берүү стратегиясына ылайык, күтүлүп жаткан окутуунун акыркы натыйжалары түзүлүп, бекитилген. Негизги машыгуулар, компетенциялар жана билим берүү программасынын квалификациялык деңгээли Diploma Supplement жана КР квалификациясынын улуттук алкагында жана ченемдик укуктук актыларда аныкталган. "Жободо дипломдон кийинки билим жөнүндө" КР бүтүрүүчүлөрдүн ординатурага дипломдон кийинки окутуу программасына ылайык кабыл алынуусу көрсөтүлгөн. Акыркы жыйынтыктар айрым дисциплиналардын окуу жетишкендиктеринин натыйжалары боюнча түзүлөт. Ошондуктан окуп жаткандар менен окутуучулук курам иштеп чыгууга жана талкуулоого катышышат, ал жерде отурумдарына катышуу аркылуу аларды өзгөртүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштар берилет. Бардык кафедра кызматкерлеринин арасында (УМК жана кеңеш курамдарынын курамына кирбеген) талкуу өтөт, бул кафедралык жыйындардын протоколдорунда чагылдырылат. Бардык студенттер үчүн күтүлгөн жыйынтыктарды камтыган ар бир дисциплина боюнча силлабустар иштелип чыккан (силлабустар).

АКЫРКЫ ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА ТҮЗҮЛҮҮЧҮ КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН

Универсалдуу компетенциялар / акыркы жыйынтыктар

Системалуу мамиле жана сынчыл ой жүгүртүү жөндөмү Кесиптик ишинде гуманитардык, табигый-илимий, экономикалык дисциплиналардын базалык билимин пайдаланууга жөндөмдүү (РО 1) ОК1, ОК2, ОК3, ОК4, СЛК2
Коммуникациялык көндүмдөр жана маданияттар аралык тыгыз байланыш Академиялык жана кесиптик өз ара аракеттенүү үчүн заманбап коммуникациялык технологияларды, анын ичинде чет тилинде колдонууга жөндөмдүү (РО 2) ОК5, ОК6, ИК2
Өз алдынча уюштуруу жана өз алдынча изилдөө. Лидерлик жана команда менен иштөө Коомдун кабыл алынган моралдык-укуктук ченемдеринин негизинде жеке ишмердүүлүктүн артыкчылыктарын жана аны өркүндөтүү ыкмаларын аныктоого жана ишке ашырууга жөндөмдүү (РО 3) СЛК1, ОК7, ОК8, ИК3, ПК1, ПК21, ПК25
Маалыматтык сабаттуулук жана коопсуздук Медициналык-техникалык аппаратураны, маалыматтык-коммуникациялык ресурстарды жана технологияларды пайдалануу менен стандарттуу маселелерди маалыматтык жана техникалык коопсуздуктун негизги талаптарын эске алуу менен чечүүгө жөндөмдүү (РО 4) ИК1, ПК5

Жалпы кесиптик компетенциялар / Акыркы жыйынтыктар

Морфо- жана патофизиологиялык оорулардын жана абалдын маңызы Кесиптик милдеттерди чечүү үчүн морфофункционологиялык, физиологиялык шарттарды жана патологиялык процесстерди баалоого жөндөмдүү (РО 5) ПК2, ПК3, ПК4

Кесиптик компетенциялар / Акыркы жыйынтыктар

Профилактикалык ишмердүүлүк Алдын алуу иш-аракеттери жаатында кесиптик маселелерди чечүү үчүн базалык билимди колдоно алат (РО 6) СЛК5, ПК7, ПК8, ПК9, ПК10, ПК22
Диагностикалык ишмердүүлүк Кесиптик милдеттерди чечүү үчүн диагностика жаатында базалык билимди колдоно алат (РО 7) ПК11, ПК12, ПК13
Дарылоо ишмердүүлүгү Кесиптик милдеттерин чечүү үчүн дарылоо иши жаатында базалык билимди колдоно алат (РО 8) ПК14, ПК15, ПК16, ПК17, ПК18
Реабилитациологиялык ишмердүүлүк Кесиптик милдеттерин чечүү үчүн реабилитациялык иш жаатында базалык билим колдоно алат (РО 9) ПК19, ПК20, ПК26
Уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүк Саламаттык сактоо системасында менеджменттин көндүмдөрүнө ээ болот, эсепке алуу-отчеттук документтерди жүргүзөт, статистикалык маалыматтарды анализдейт (РО 10) СЛК4, ПК6, ПК23, ПК24
Илимий-изилдөөчү ишмердүүлүк Кесиптик милдеттерди чечүү үчүн илимий-изилдөө иши жаатында базалык билим колдоно алат (РО 11) ИК4, СЛК3, ПК27
Биздин көмөктөштөр
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: