( ^ _ ^ )

2022-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө арналган илимий конференция уюштурулду. Аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында илимий көргөзмө болуп өттү. Эл аралык медициналык университетинин фармация кафедрасы “Кыргызстандын дары чөптөрү” аттуу долбоору менен катышып, илимий коомчулукту ЭМУда жүргүзүлүп жаткан изилдөө менен тааныштырды.

  • Blog Slider Image
  • Blog Slider Image