( ^ _ ^ )

СТУДЕНТТЕРГЕ КОНСУЛЬТАЦИЯ БЕРҮҮ ЖАНА КОЛДОО

Окуу программа атайын студенттерди батырак адаптация кылуу жана колдоо программаларын иштеп чыккан. Студенттерге консультация берүүнү кураторлук жөнүндө жобого ылайык академиялык кеңешчи жүргүзөт. Жыл сайын топтордун кураторлору 2017-2018, 2019-2020, 2020-2021- жж. боюнча пландарды иштеп чыгышат, кураторлук саатта студенттер менен жыйналыштарды өткөрөт, анда бардык көйгөйлөр талкууланат, аларга алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлөт. Жогорку курстардын активдүү студенттеринен тьютор дайындалат, алардын ишмердүүлүгү Жобого ылайык жүргүзүлөт. Мисалы, тьюторлор жаңы студенттерди кабыл алып, аларга 1-курстун студенттеринин студенттик кеңеши жана жогорку курстун студенттери менен жолугушууларын уюштурат. Студенттердин элективдик курстарды тандап алуу жобого ылайык жүргүзүлөт. Тандоодо жардам кураторлор жана тьюторлор тарабынан көрсөтүлөт. Студенттер, алар, албетте, кызыкдар болгон багытты тандап алат (дарылоо же хирургиялык адистиги же бейтаптар менен байланышуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча).

ЖОЖ, контрактка акы төлөө менен белгилүү бир кыйынчылыктары бар (тастыкталган документ менен) студенттерге ммкнчлк берет, алар контрактты окуу жылы бою бир нече бөлүккө бөлүп төлөй алышат. Жетекчилик тарабынан эл аралык олимпиадаларга, спорттук мелдештерге, маданий иш-чараларга катышуу үчүн студенттерге суткалык жана жол чыгымдларына үчүн финансылык колдоо көрсөтүлөт. Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Таланттуу жаштарды колдоо жана илимий долбоорлор менен иштөөгө тартуу каралган.

Кайрадан тапшырган студенттерге адаптациялоо программасы өткөрүлүп жатат, ал окуу жайдын социалдык-маданий жана интеллектуалдык чөйрөсү менен адекваттуу өз ара аракеттешүүгө көмөктөшөт. Студенттик Кеңеш жана тьюторлор тарабынан илимий, спорттук жашоого, волонтерлукка, өзүн өнүктүрүүгө багытталган жана башка бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Ден соолукту колдоо жана оорунун алдын алуу максатында ЖОЖ өзүнүн "Авиценна-Медикал" жеке медициналык клиникасы менен, студенттер үчүн келишим негизинде оорулардын алдын алуу боюнча дарылоо - ден соолукту чыңдоо иштерин системалык түрдө өткөрүп турат.

Студенттердин билим берүү жана жеке муктаждыктарын канааттандыруу үчүн китепкана иштейт. Корпустардын аймагында студенттер жана окутуучулар үчүн 3 ашкана жана кафетерия, спорттук аянтчалар, залдар жана клубдар, спорттук мелдештерге даярдануучу машыгуучу жай бар, студенттердин танапис учурунда эс алуусу үчүн имараттын айланасындагы отургучтар орнотулган. Окуу программасы окуу процессинде зарыл болгон бардык ресурстарга эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылат: маалыматтык (китепкана, Internet бар компьютерлер), материалдык (көптөгөн техника, лабораториялык жабдуулар) жана адамдык ресурстарга (тьютор жана кураторлор). Студенттерге китепканалык фонддун комплекттерине ата мекендик жана чет өлкөлүк журналдардын тизмеги жана аталыштары менен күнү-түнү жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынат. Дене тарбия жана спорт процессинде машыгуу үчүн шарттар түзүлгөн. Жабык спорт залдары, чоң стадион, мини-футбол/крикет үчүн жасалма төшөлмөлүү аянттар, баскетбол жана волейбол аянтчалары ж. б. бар.

Консультация берүүдө, студент менен болгон мамилелерде колдоо көрсөтүү боюнча кызматтарды көрсөткөн бардык адамдар берилген маалыматтардын жана жеке жашоого болгон укуктардын сакталышын, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылат. Консультация жана студенттерге колдоо көрсөтүү аялдар кеңеши (женсовет), психологиялык колдоо кабинети, куратор, тьютор менен студенттердин өз ара аракеттешүү аркылуу ишке ашырылат. Юридикалык бөлүм юридикалык маселелер боюнча студенттерге толук ар тараптуу кеңеш берүүнү жүзөгө ашырат. Студенттерди консультациялоонун жүрүшүндө алынган маалыматтар купуя жана анонимдүү болушу кепилденет. Окуу программасы, улуттук жана эл аралык форумдарга жыйынтыктардын негизинде , студенттердин ден соолугун баалап, ошондой эле студенттердин ден соолугун чыңдоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу менен мониторинг өткөрөт. Студенттердин сунуштарынын негизинде Индия жана пакистандык ашкананын менюсу киргизилген, кошумча спорт аянтчалары курулуп, сабактар үчүн электрондук китептер жаңыртылга. АСУ LMS электрондук тутуму менен студенттердин канааттануусуна талдоо жүргүзүлгөн. Ар бир студент жеке маалыматтарды , предметтердин расписаниеси , окуу акысынын төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматты кароого мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир предмет боюнча ар бир студентке жеткиликтүү сабактар боюнча тапшырмалар жана окуу-методикалык материалдар күн сайын жүктөлүп турат. 2020-2021-жылдарда окуу процессинин сапаты, профессордук-окутуучулук курамга материалдарды баяндоонун жеткиликтүүлүгү, баалоо критерийлери боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн, анткени социалдык маселелер, тамактануу, жашоо кадимки чөйрөдө, үй шартында болгон. Колдоо катары психолог менен консультация өткөрүлөт. Штаттагы психолог студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, студенттердин суроолоруна жооп берет.

Консультация окуга кабыл алынгандан кийин дароо башталат. Саламаттык сактоонун практикалык дарыгерлери менен жолугушуу, конок менен лекциялар өткөрүлөт. Стейкхолдерлер менен уюштурулган жолугушуулар дайыма жандуу жана кызыктуу болот. ЖОЖ оку жайдын инновациялык жактан өнүгүүсү жана кесиптик карьераны пландоону жакшыртуу үчүн кызыкдар тараптар менен иштөөнү жакшыртат.

ОКУП ЖАТКАНДАРДЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ

Вуз использует политику представительства студентов их участия в разработке, управлении и оценке ОП, поддерживает активное и независимое студенческое самоуправление. Представительство студентов в УСФ, СФ и других коллегиальных органах управления каждый год обновляется путем коллегиального решения студентов. Создан Студенческий совет который представляет интересы студентов.

ЖОЖ студенттердин билим берүү программасын иштеп чыгуу, башкаруу жана баалоого катышуу өкүлчүлүк саясатын пайдаланат, активдүү жана көз карандысыз студенттик өз алдынча башкарууну колдойт. Студенттердин өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү коллегиялуу башкаруу органдарында студенттердин өкүлчүлүгү жыл сайын студенттердин коллегиалуу чечим аркылуу жаңыртылат. Студенттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн Студенттик Кеңеш уюштурулган. Студенттик Кеңеш №599\3 кабинетте жайгашат, анда кызыктар тараптардын туруктуу жолугушуулары өткөрүлөт (студенттер, окутуучулар, ата-энелер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү.