( ^ _ ^ )
 

Китепкана

Илимий- медициналык китепкана- университеттин маалымат чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналып, анын ресурстук, коммуникативдик, социалдык-маданияттык борбору. Университеттин жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо окуу-тарбиялоо жана илимий-изилдөө процессин, маалымат менен  камсыздоо аркылуу камсыз кылат. Китепкананын негизги максаты – колдонуучуну материал кандай болбосун, кайсы жерде сакталбасын, тиешелүү маалымат менен же документ менен талап кылынган күнү камсыз кылуу.

Ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

  • Студенттерди, профессордук-окутуучулук курамды, илимий кызматкерлерди жана университеттин башка категориядагы кызматкерлерин китепканалык-библиографиялык, маалыматтык жактан тейлөө.
  • Университеттин билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүнө ылайык китепкананын маалыматтык ресурстарын сапаттуу түзүү.Китепканалык-маалыматтык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана кеңейтүү
  • Китепкананын ишмердүүлүк чөйрөсүнө заманбап китепканалык-маалыматтык технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү.
  • Пайдалануучулардын маалыматтык маданиятын, маалыматтык ресурстарды издөө жана сарамжалдуу пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу.
  • Долбоорлорго катышуу, башка системалар жана ведомстволор китепканалары менен координация жана кооперация

Азыркы абалы:

Жалпы аянты 600 чарчы метрден ашык. Окуу залында отуруучу орундардын саны-180. Студенттер үчүн компьютер саны-38. Окурман Ирбис 64 + АРМ " системасында электрондук каталогуна кирүү үчүн компьютерлердин саны-4. Китепканачылар үчүн автоматташтырылган иш орундарынын (компьютерлердин) саны – 4. ИРБИС 64+ электрондук китеп тутумундагы электрондук китептердин саны– 5000 Китепкананын жалпы фонду 29905 китеп. Университеттин студенттери жана профессордук-окутуучулук курамы залдарга, борборлорго, конференц-залдарга, фондго, ресурстар жана окуу-ресурстук борбордун тейлөөлөрүнө жалпы негизде колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Түзүмү:

  • Кыргыз жана орус адабиятынын окуу залы.
  • Чет элдик адабият окуу залы
  • Электрондук китепкана
  • Электрондук ресурстар сектору
  • Тейлөө бөлүмү
  • Китеп сактоо

Китепкананын инновациялык технологиялары. :

Китепкананын директорунун "Электрондук китепкана жана жаңы маалыматтык технологиялар (ЭБНИТ, Россия, Москва)" эл аралык ассоциациясы менен кызматташтыктын алкагында университет ИРБИС 64+ жана ИРБИС 128 толук дистрибут комплекттелген автоматташтырылган китепканалар системасы менен жабдылган. ИРБИС системасын китепканага колдонуу менен, китепканабыздын иш жараянынын олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон, жаңы түр жана ыкмаларга айрым кадамдарды жасады. Атап айтканда, ИРБИС (АРМ) 64+ негизинде төмөнкү молдулдардын негизинде иш жараяны автоматташтырылган:

 
  1. АРМ "комплекттөөчү"
  2. АРМ "каталогдор"
  3. АРМ "окурман"
  4. АРМ "Китеп берүү”
  5. АРМ "Китеп менен камсыздоо"
  6.  J Ирбис 2.0 системасында интеграцияланган ЕЭМУ, ЭМУ, МФКнын ресурстук китепканаларын бириктирген lib.lms.kg маалымат порталы иштелип чыккан.

Базасы ИРБИС 64+ системасында китепкана маалымат базасы:

  • Электрондук каталог – китепкананын фондун чагылдыруучу библиографиялык маалыматтар базасы.
  • Электрондук китепкана – толук тексттүү электрондук китептердин базасы. 
  • Окурмандардын маалыматтар базасы-студенттердин базасы жана мугалимдик курамдын тактап айтканда окурмандын китеп алуу, тапшыруу процессин чагылдырат. (китеп берүү жана тапшыруу, кайтаруу мөөнөтү, карыз ж.б.)
  • Китеп менен камсыздоо-университетте өтүлгөн ар бир дисциплинанын окуу материалдары менен камсыз болуу көрсөткүчү

Өнөктөштүк

Китепкана төмөнкү уюмдар менен кызматташат:

  • "Китепканалык — маалыматтык Консорциум" ассоциациясы (БИК), Бишкек.
  • Электрондук китепкана ассоциациясы (АЭБ), Бишкек.
  • КР Улуттук А.Осмонов атындагы китепканасы, Бишкек.
  • Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен (ДСУ) мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк – Research4life
  • Электрондук китепканаларды жана жаңы маалыматтык технологияларды пайдалануучулардын жана иштеп чыгуучулардын эл аралык ассоциациясы (ЭБНИТ), Москва, Россия.
  • "НексМедиа" компаниясы (ЭБС "Университеттик онлайн китепкана"), Москва, Россия.
  • ЖЧК “ПОЛПРЕД справочники” Москва, Россия.
 
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
  • Slider Image
 
Администрация

Жумуш убактысы::
Дүйшөмбү - Ишемби
8:30 - 17:30

Дем алыш күндөрү:
Жекшемби

Байланыштар

Телефондор:
+996559172016
+996773172016
+996700172016

Социалдык тармактарда: